Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.01.2014 09:36

Жалал-Абаддын жайлоосунан 5 тургун дайынсыз жоголууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык аймагында ушул жылдын 27-январы күнү Жайык айылынын 5 тургуну ат менен мал издегени чыгышып, кайра кайтып келишкен эмес.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жоголгон адамдардын туугандарынын айтуусу боюнча, айыл аймактын борборунан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тас-Бел жайлоосунда жогоруда аталган атуулдардын барган издери токтоп, ошол жерде кар көчкү түшүп, көчкүнүн жанында атка арткан куржунун табышкан. Кар көчкүнү айланып караганда көчкүдөн ары издери жок болгондуктан кар көчкү басып калгандыгын божомолдошуп кайткан.

Жоголгондор:

1. Айталиев Таалай Тургунбекович, 1975-жылы туулган;

2. Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;

3. Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;

4. Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган;

5. Апсалбек уулу Мунарбек, 1993-жылы туулган.

Бүгүн, 29-январда таңкы саат 04:30да дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарында жайгашкан II издөө-куткаруу отрядынан 21 куткаруучу жөнөп кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×