Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.06.2014 12:52

Жалал-Абад шаарында бир аптада 32 кылмыш иши катталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өткөн жума аралыгында 32 кылмыш иши катталды. Анын 16сы денеге оор залал келтирүү, 5 — уурдоо жана 2 алдамчылык фактысы. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ИИБ башчысынын орун басары Нурдин Жээнтаев билдирди.

Анын айтымында, өзүн өзү өлтүрүү фактысы боюнча 1, жасалма документ жасоо боюнча 1 кылмыш иши катталган. Ошондой эле, мыйзамсыз миграция иштери боюнча 1 факт аныкталган.

Мындан тышкары, 4 жол кырсыгы катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×