Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу 04.06.2014 15:14

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын катчысы болуп Ж.Осмонов дайындалды

Turmush -  КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков кечээ, 3-майда маалымат жыйында журналист Жолдошбай Осмоновд өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын катчысы болуп дайындалганын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, жаңыдан басма сөз кызматын колго алган Жолдошбай Осмонов мамлекеттик кадр кызматы боюнча тестирлөөдөн жана комиссиянын мүчөлөрүнүн аңгемелешүүсүнөн өткөн. Бул кызматтык бош орунга 2 талапкер катышып, анын ичинен Жолдошбай Осмонов өкүлдүн басма сөз кызматынына дайындалды.

Эске салсак, Жолдошбай Осмонов буга чейин көп жыл тележурналистика тармагында иштеп, акыркы 1 жылдан бери областтык «Акыйкат» апталык коомдук саясий гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×