Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.06.2014 10:15

Аксыда жааган мөндүрдөн «Жийдесай» чек ара кошуунунун объектилери жана өсүмдүктөр жабыркады

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 1-июнь күнү саат 21:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин көлөмү буурчактай мөндүр жаады.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдигендей, мөндүрдүн кесепетинен Нарын жана Жаңы-Жол айыл аймактарындагы айыл чарба өсүмдүктөрү жабыр тартты.
Мындан тышкары, Мамлекеттик чек ара кызматынын «Жийдесай» чек ара кошуунуна тишелүү объектилер жабыркады. Анда 90 даана шифер, ашкана, кампа жана жай мезгилинде колдонууга ылайыкталган жай зыянга учурады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×