Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 02.06.2014 17:33

Жалал-Абад облусунда бир түндө эки жерге чагылган түштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 1-июндан 2-июнга караган түнү саат 22:25 чамасында Көгарт айыл аймагына караштуу Камсомол айылындагы иштебей турган жеке менчик Тегирменге жана Кыз-көл айыл аймагына караштуу Ак-Тоок айылындагы Бектен Бегимкуловдун үйүнө чагылган түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учурда айыл аймактарда райондук жарандык коргонуу комиссиялары түзүлүп, тактоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала алынган маалымат боюнча адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×