Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.06.2014 09:02

Ала-Бука районундагы Көк-Алма ашуусунда жааган жамгырдан 150 баш кой өлүп, 60 баш кой, эчки жоголгон

Turmush -  Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында31-майда Чоң-Таш жайлоосуна койчу Турдамамат Ажиматов 3 жардамчысы менен жергиликтүү тургундардын 800 баш кой, эчкисин айдап баратып, Көк-Алма ашуусунда жааган жамгырдын, мөндүрдүн жана сууктун кесепетинен 150 баш кою өлүп, 60 баш кой, эчкиси жоголгон.

ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кечээ, 1-июнда жергиликтүү тургундардан 4 атчан адам азык-түлүк алып, жөнөп кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×