Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 28.01.2014 17:38

Ала-Бука районунда мушташта бычактан жаракат алган мектеп окуучусу ооруканада

Turmush -  Өткөн жылдын 12 айында Ала-Бука районунда жалпысынан 12 өспүрүмдүн катышуусунда 6 кылмыш иши каттаган, алардын 9у мектеп окуучулар болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылдын башталышында дагы өспүрүмдөр арасында 1 кылмыш иши катталууда.

Белгилей кетсек, 12-январь күнү Ала-Бука районунун борбордук базарында, Ала-Бука айылынын № 1-Балтагулов жана Сары-Талаа айылынын №3 Орозалиев атындагы орто мектептеринин окуучулары топ болуп, өз ара уруша кетишип, Ала-Бука айылынын тургуну, 1996-жылы туулган Ош шаарынын медициналык колледжинин 2-курсунун окуучусу Тилебай уулу Ж. Орозалиев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу, 1996-жылы туулган А.Тилек уулунун бутуна бычак менен сайып жиберген.

Мушташта денесинен жаракат алган Н.Пайызкулов ооруканага жаткырылган. Бул боюнча азыркы күндө алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×