Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 22.05.2014 18:14

Кыштан Токтогул суу сактагычындагы суунун 12,7 млрд куб метр көрсөткүчү менен чыгабыз, - К.Турдубаев

Turmush -  Адистердин эсеби боюнча, кыш мезгилинен Токтогул суу сактагычындагы суунун 12,7 млрд куб метр көрсөткүчү менен чыгабыз. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 22-майда «Энергетикадагы реформа: электр жабдуусу жана тарифи» аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, болжол 14 млрд куб метрди түзөт.

«Суу сактагыч бир айда ашыгы менен толтурулган учур болгон», - деди ал.

К.Турдубаевдин айтымында, Кыргызгидромет тарабынан I кварталга карата суунун орточо деңгээлдеги агымы 118% болуп, андан кийин бул сан 110% болсо, учурда 83%ды түзөт.

«Эгерде факт түрүндөгү агымды алсак, анда былтыркы жыл менен салыштырганда суу агымынын кечээки көрсөткүчү мурунку жылдын темпинен алдыга өтөт деп констатациялоого болот», - деди К.Турдубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×