Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу 22.05.2014 11:08

2013-2014-жылдары Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек арада 34 жаңжал болду, - вице-премьер

Turmush -  2013-2014-жылдары Тажикстан менен болгон чек арада 21 жаңжал болду, Өзбекстан менен 13 жолу. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Жаңжалдардан 18 сарай өрттөлдү, бир топ мал-жандыктар уурдалды, акыркы жаңжал боюнча 7 млн сомдун тегерегинде чыгымдар келтирилди», - деген Маматалиев, бул боюнча тажик тарапка маалымат берилгенин жана алар жакында чыгымдардын ордун толтурушарын белгиледи.

«Жылына 50-60 жаңжалдар болуп жатат, чыгымдар, адамдар өлүп жатышат», - деп тынчсызданган эл өкүлү чек ара маселелерине көбүрөөк көңүл бурууну өкмөт мүчөлөрүнөн суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×