Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 13.05.2014 18:16

Сузак районунда эки жарандын үйүн тинтүү учурунда «Хизбут-Тахрир» экстремисттик агымына тиешелүү буюмдар табылды (фото)

Turmush -  Сузак райондуксотунун санкциясынын негизинде кечээ, 12-май күнү Жалал-Абад ОИИБнын, Түштүк 10-башкы башкармалыгынын жана Сузак РИИБнин 10-бөлүмүнүн оперативдик кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик агымына тиешелүү буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак районунун Жаңы-Чек участкасындагы 1968-жылы туулган Абдуллаев Минхажидиндин үйүнөн тинтүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда 1 даана «Делл» үлгүсүндөгү ноутбук, 1 даана флеш-карта, 49 даана DVD дисктер, 1 даана мобилдик телефондун флеш-картасы, 1 даана видео-касета, 1 даана УСБ-модем симкартасы менен, 1 даана араб тилинде кол жазма менен жазылган дептер алынды.

Ошол эле күнү Арал айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Мажитов Шамшидин үйүнөн тинтүү жүргүзгөндө 9 даана китеп араб тилинде, 3 даана колжазма дептер, 8 даана DVD-дисктер, 1 даана «Мухторат» деген китеп, 7 даана баракчалар, 2 даана араб тилиндеги гезиттер, 3 даана мобилдик телефондор алынды.

Азыркы убакта бул алынган далил буюмдар теологиялык экспертизага жиберилип, кармалган жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Изображение1

Изображение2

Изображение3

Изображение5

Изображение7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×