Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 13.05.2014 11:19

Ала-Бука районунда селдин кесепетинен авариялык абалга келген Сумсар көпүрөсү калыбына келтирилди

Turmush -  Ала-Бука районунда селдин кесепетинен авариялык абалга келген Ак-Башат айылы менен 1-май айыл аймагын байланыштырган Сумсар суусуна курулган көпүрө калыбына келтирилди, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Эске салсак, 7-май күнү саат 21:00дөр чамасында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдан кесепетинен сел жүргөн.

Селдин кесепетинен Ак-Башат айылы менен 1-май айыл аймагын байланыштырган Сумсар суусуна курулган 1 даана көпүрө авариялык абалга келген.

Кечээ, 12-майында жергиликтүү тургундар тарабынан 20 адам тартылып, көпүрө толук калыбына келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×