Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.05.2014 18:35

Базар-Коргон районунда бир нече жарандын малын уурдаган адам кармалып, мал ээлерине кайтарылып берилди

Turmush -  Базар-Коргон РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери менен биргеликте ыкчам жүргүзүлгөн оперативдүү-иликтөө иштеринин натыйжасында мал уурдаган жаран кармалды.

Базар-Коргон РИИБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул жылдын 3-май күнү белгисиз уурулар Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл округунакараштуу Жай-Терек айылынын тургуну, 1952- жылы туулган Т.Кыпчаковдун жайытта жүргөн жеринен 1 баш уюн уурдап кетишкен.

Ошондой эле, 6-май күнү ушул эле айылдын тургуну, 1981-жылы туулган З.Эшимбаевдин Жай-Терек айылынын жайытында жүргөн жеринен 1 баш уюн уурдап кетишкен.

Мындан тышкары, 7-май күнү 1950-жылы туулган К.Тилегеновдун 1 баш уюн жана 1 баш торпогун уурдап кетишкен.

Жогорудагы мал уурулуктар боюнча ушул эле Жай-Терек айылынын тургуну, мурда соттолгон 1972- жылы туулган Якубов Б. кармалып, уурдалган уйлар ээлерине кайтарылып берилди.

Учурда ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, мал уурдаган жаран Базар-Коргон РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×