Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.05.2014 18:26

Базар-Коргон районунда 1 баш уй жана 1 баш торпок уурдаган жаран кармалып, кылмыш иши козголду

Turmush -  Базар-Коргон РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери менен биргеликте ыкчам жүргүзүлгөн оперативдүү-иликтөө иштеринин натыйжасында мал уурдаган жаран кармалды.

Базар-Коргон РИИБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул жылдын 7-майы күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл округунун Жай-Терек айылынын тургуну, 1983-жылы туулган А.Мантаевдин Жай-Терек айылынын жайытында жүргөн жеринен 1 баш уюн жана 1 баш торпогун 2013-жылдын ноябрь айында белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган.

Бул мал уурулук боюнча Базар-Коргон районунун Акман айыл округунун Кош-Коргон айылынын тургуну 1987-жылы туулган З.Зулумбеков кармалган.

Учурда ага карата кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголуп, мал уурдаган жаран Базар-Коргон РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×