Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу 12.05.2014 18:04

Жалал-Абадда катуу шамалдан улам турак үйдүн чатыры учуп кеткен

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Роза Азимова көчөсүнүн №40 үйүнүн чатыры 11-майдан 12-майга караган түнү катуу шамалдан улам учуп кеткен. Бул үйдүн чатыры 2010-жылы күзүндө ашар ыкмасы менен жабылган, деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, бул үйдүн курулуш иши ашар жолу менен болгондуктан катуу шамалга туруштук бере алган эмес.

«Аталган үй менчик болгондугуна байланыштуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан эч кандай жардам корсөтүү болбойт», - дейт Т.Темирбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×