Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу 02.05.2014 17:10

Жалал-Абадда сибирь жарасынан өлгөн малдардын 7 очогу такталган (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-майда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, союз мезгилинде сибирь оорусунан өлгөн малдардын көмүлгөн очокторун дезинфекциялоо иштерине рейд жүргүзүштү, деп билдирет Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

«Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында сибирь жарасынан өлгөн малдардын 7 очогу такталган. Аталган жайлар жылына 2 жолу даарыланып турат. Негизинен дезинфекциялоо үчүн бир очокко 25 килограмм хлор керектелет», - деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад шаардык ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын башчысы Мурат Исмаиловдун айтымында сибирь оорусу акыркы жолу 1998-жылы адамдарда катталган.

«Сибирь жарасы малдан адамга жугат, мына бүгүн жайкы залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Элдер малдарын жайлоого берерде укол сайып, сибирь оорусуна каршы даарылатып жибериши зарыл», - дейт М. Исмаилов

2 05 2014_могильник 1

2 05 2014_могильник 2

2 05 2015_могильник 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×