Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.04.2014 18:15

Базар-Коргон районунда жыл башынан бери 34 күйдүргү оорусунун очогу катталган

Turmush -  Базар-Коргон району боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 34 күйдүргү оорусунун очогу катталган, анын ичинен 20 очок табылган. Берилген отчет боюнча бардыгы бетондолуп, белги коюлган жана темир тосмолор менен тосулган.

Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Усөнкул Жоробаевдин жыйында берген маалыматына караганда, аталган райондогу Бешик-Жон, Талдуу-Булак, Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүндө ит атуу иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес. Ал эми Акман айыл өкмөтүндө өтө эле аз атылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×