Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу 29.04.2014 13:49

Жалал-Абад облусунда диний-экстремисттик көз карашты колдогон 515 адам каттоодо турат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүнкү күндө бардыгы болуп диний-экстремисттик көз карашты колдогон 515 адам каттодо турат. Каттоодогулардын 464ү эркек, 51и аялдар, 148 кыргыз, 367си өзбек улутундагылар. Бул тууралуу маалымат Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнөн алынды.

Алынган маалыматка караганда, каттоодо турган атуулдар менен оперативдик-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, азыркы учурда облустун аймагында ар кандай диний экстремисттик уюмдардын активдүү иш алып барып жаткандыгы байкалууда. Ошол агымдардын бири бул, ДЭА «Хизбут-Тахрир».

Хизбут-Тахрир партиясы – КР Жогорку соту тарабынан 2003-жылдын октябрь айында кабыл алынган чечиминин негизинде – диний экстремистик мыйзамсыз партия деп табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×