Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 29.04.2014 10:45

Чаткал районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам дүкөндөн өрт чыгып, азык-түлүктөр күйгөн

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү «Эсалы-Болуш» дүкөнүнөн өрт чыгып, анын жыйынтыгында ашкананын 6 чарчы метр аянттагы бөлмөсүндө 30 кг ун, 40 кг картошка, 3 л сыр, төшөктөр, кийиз жана жыгач пол күйгөн.

ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өрттүн келип чыгуу себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык болгон, ага Н.Кадырбеков күнөөлүү деп эсептелген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×