Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.04.2014 10:17

Токтогул районунда айдоочу унаасын башкара албай, жолдон чыгып кетип, 5 адам жабыркады

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кечээ, 28-апрель күнү саат 16:40тар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 304-чакырымында мамлекеттик номери S 50-54 U болгон «АУДИ-100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, жол кырсыктын кесепетинен 5 адам жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×