Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.04.2014 15:07

УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгы 1-кварталда коррупция боюнча 11 кылмыш ишин козгоду: Кара-Көл шаардык социалдык фонддун жетекчиси жеке ишкерлерден 1 млн 200 миң сом алган

Turmush -  

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Канжарбек Бокаев аймактык кабарчыга билдиргендей, аталган башкармалыктын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 48 арыз каралып, 11 кылмыш иши козголгон.

Анын айтымында, текшерилген материалдардын негизинде мамлекетке келтирилген 4 млн 750 миң сомдук зыян аныкталды. «Кылмыш иштеринин негизинде 475 миң 500 сомдук зыян мамлекетке кайтарылып берилди. Мисал келтире турган болсок, Токтогул районунда 2006-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта «Токтогул районунун атайын фонду» тарабынан каржыланып, Каражыгач айылындагы долбоорду («Самотечный водовод») ишке ашырууда «Имарат-Каган» ЖЧК тарабынан аткарылган иш 1 млн сомго жакын кошулуп жазылган. Бул материал сотко өткөрүлүп, учурда аталган фирма мамлекетке келтирген зыянды толугу менен төлөп берди», - деди К.Бокаев.

Ошондой эле, 17-февралда Кара-Көл шаардык социалдык фонд башкармалыгынын жетекчиси Р.Мамытованын үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмалуулук» боюнча 304, 315-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Р.Мамытова 2010-жылдан ушул кезге чейин жеке ишкерлерди социалдык милдеттүүү камсыздандыруу төлөмдөрүнөн куткарып коём деп, алардан чоң суммадагы акча каражаттарын алып турган. Ошентип, мамлекетке түшө турган социалдык төлөмдөрдүн суммасы 1 млн 200 миң сомду түзгөн», - деп кошумчалады К.Бокаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×