Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.04.2014 10:35

Жалал-Абадда эң көп коррупцияга каршы кызматтык кылмыш иштери аткаруу бийлик органдарында - 50%ды түзөт

Turmush -  Жалал-Абадда эң көп коррупцияга каршы кызматтык кылмыш иштери аткаруу бийлик органдарында - 50%ды түзөт. Тактап айтканда, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын маалыматы боюнча, коррупциялык кылмыштарга карата жүргүзүлгөн талдоодо эң көп коррупцияга каршы кылмыш иштеринин субъектилери болуп, аткаруу бийлик органдары - 49,7%, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - 42,8%, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары - 7,1%ды түзөт.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Аттокур уулу билдиргендей, мыйзам бузууларды мыйзамдардын түрлөрүнө бөлүп караганда, бюджет мыйзамдары - 57,6%, жеке менчик жөнүндөгү мыйзамдар – 29,2%, жер мыйзамдары – 13,4%га бузулат.

«Аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актылары ар бир айда прокурорлор тарабынан окулуп, андагы коррупциогендик факторлору экспертизадан өткөрүлүп, коррупциянын себептерин аныктоо боюнча алдын алуу жана профилактикалык иштери күчөтүлдү», - деди бөлүм башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×