Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 22.04.2014 12:40

Ноокен районунун тургуну, 8 класстын окуучусу Л.Тавылды кызы изделүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын кылмыш издөө бөлүмү дайынсыз жоголуп жаткан 1999-жылы 9-февралда туулган, Ноокен районунун Шайдан айылынын тургуну, Ж.Татыкулов атындагы №31 орто мектебинин 8-классынын окуучусу Тавылды кызы Лола изделүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, ушул жылдын 14-январында Лола болжол менен саат 10:00 чамасында үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Ал бир туугандарына мончого бараткандыгын айткан. Кыздын көп убакытка жок болгондугунан улам, тынчсызданган бир туугандары аталган факт боюнча милицияга билдиришкен.

Белгилери: бою 155-160 см, дене түзүлүшү орто, кара жумал келген, бети тоголок, көздөрү кара, чачтары кара узун, кара куртка, кара шым, кара сапошка кийип жүргөн.

Ушул убакытка чейин Л.Тавылды кызынын жүргөн жери белгисиз. Милиция белгисиз жоголгондор тууралуу кандайдыр бир маалымат билген жарандарды көрсөтүлгөн телефондор аркылуу билдирип коюууну өтүнөт: 0 (3722) 7-39-90, 0 (553) 78-00-78, 0 (555) 08-92-90, 0 (778) 10-10-58.

Кызб2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×