Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 22.04.2014 09:58

Сузактын 17 жаштагы тургуну К.Касымбекова изделүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш издөө бөлүмү дайынсыз жоголгон 1997-жылы 17-февралда туулган, Сузак районунун Жашасын айылынын тургуну, Жуманазаров атындагы мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Касымбекова Кызбурак Максатбекованы издөөдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-февралында Жалал-Абад шаардык милициясына Кызбурактын бир туугандары кайрылышкан, алар 2013-жылдын 16-декабрында болжол менен саат 16:00дө ал үйдөн чыгып, ошол убакыттан бери анын кайсыл жакта жүргөндүгү белгисиз экендигин айтышкан.

Белгилери: бою 160-165 см, дене түзүлүшү орто, бети тоголок, көздөрү кара, чачтары кара узун, бетинде без эткилер бар, жакасы ак кара шуба, көк жынсы шым, кара сапошка кийип жүргөн. Милиция буга байланыштуу кандайдыр бир маалымат билген жарандарды көрсөтүлгөн телефондор аркылуу билдирип коюууну өтүнөт: 0 (3722) 7-39-90, 0 (553) 78-00-78, 0 (555) 08-92-90, 0 (778) 10-10-58.

Кызб 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×