Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фоторепортаж - Көк-Жаңгак шаарынын чыга бериш жеринде жол четиндеги жаракаларга суу сиңип, жер көчкү коркунучун туудурууда

Turmush -  Сузак районунун аймагындагы Көк-Жаңгак шаарын район менен бириктирген жолдун шаардан чыга берген жеринде жол четинде пайда болгон арыктар коркунуч туудуруп жатат.

Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Жакып Сапаровдун айтымында, жол четинде өзүнчө арык сымал пайда болгон жаракага 5-6 жылдан бери жаан чачындан пайда болгон суу сиңип, жаракалары жылдан жылга чоңоюп жатат.

«Эл көзүнө бир аз жаракаларды толтурган болушат, бирок жыйынтык жок. Жыл өткөн сайын жаан чачындан жааган сайын талаадан, жолдон аккан суулар жол четиндеги жаракаларга сиңип жатат. Бир күн болбосо бир күн көчкү жүүп кетиши толук мүмкүн болуп калды. Бул жолдон өткөн сайын тиленип өтүп жатабыз, эгер жер кыртышы жүз берсе, шаардын каттамы токтойт, шаардын Спутник аймактык башкармалыгында эл жабыр тартат», - дейт жергиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7022
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×