Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, унаалардын жүрүшү кыйындады (фото)
Turmush - Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусундагы катаал аба ырайынан улам автоунаалардын кыймылы кыйындады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Пикирлер
Айдоочулар билдиргендей, эрте менен ашууда кар жаап, автожолдор тайгалак жана тоӊголок болду. «Жолдун айрым тилкелерине кум себилбегендиктен, айдоочуларга кыйынчылыктар жаралды», - дешти алар.
Буга чейин Кыргызгидромет, аба ырайынын кескин өзгөрүшү тууралуу маалымдаган: 12-14-апрель күндөрү тоолуу өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлүп, карга айланат. Ал эми 11-13-апрелдерде республика боюнча жаан-чачын болору айтылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком