Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.04.2014 09:40

Токтогул районунда автоунаа бийиктен кулап, ИИМдин 2 кызматкери каза болду

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаажолунун 236-чакырымында мамлекеттик № MVD 175 «ТОЙОТА ДОН-ХЭНГ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай, унаа жолдон чыгып, 150 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка таянсак, 12-апрелде саат 07:50дө болгон жол кырсыктын кесепетинен ИИМдин 2 кызматкери каза болду. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнин №97 Өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгышкан.

1982- жылы туулган Молдожакыпов Нургазы менен Жоробеков Максат (туулган жылы такталууда) каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×