Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 04.04.2014 09:46

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучу бар 272 участок көзөмөлдө турат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында калктуу конуштарга жана жол, каналдарга коркунуч жаратышы мүмкүн делген 272 жер көчкү участогу бар. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү жана прогноздоо департаментинин башкы адиси Тойчубек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча жалпысынан 500гө жакын жер көчкү участогу бар, анын ичинен 272си жарандарга, коммуналдык чарба тармактарына зыян алып келүү коркунучунда туруп, көзөмөлдө турат, калган көчкүлөр жарандарга коопту абалды жаратпайт, анткени алар алыскы жайлоолордо, жайыттарда жайгашкан.

«Көзөмөлдө турган көчкүлөрдү район-шаарларга бөлүп карай турган болсок, ичинен райондордон Сузакта - 84, Аксыда - 48, Базар-Коргондо - 16, Майлуу-Суу шаарында 80ден ашык участокто жер көчкүлөр бар. Ал көчкү аймактардан калкты көчүрүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертүү бергенбиз», - дейт башкы адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×