Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 03.04.2014 18:41

Токтогулда авариялык абалда турган устундар бекемделүүдө

Turmush -  Жалал-Абад областынын Токтогул районунда авариялык абалда турган устундардын түптөрүн бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери Улан Раимбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган электр тармактар ишканасынын кызматкерлери авариялык абалда турган устундардын түптөрүн бетон куюу менен бекемдөө иштерин колго алышкан.

«Ошондой эле, Токтогул шаарчасында 58 абонентти электр жарыгы менен камсыз кылган жаны трансформаторду орнотуп бүттүк. Мындан ары Токтогул шаарчасынын жергиликтүү тургундары электр жарыгына байланышкан көйгөйргө кабылышпайт», - дейт Улан Раимбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×