Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 03.04.2014 15:13

Жийде-Бел сайынын дамбасы курулуп бүтсө, адам өмүрүнө болгон коркунучтар жоюулат

Turmush -  Таш-Көмүр шаарындагы Жийде-Бел сайынын дамбасы курулуп бүтсө, адам өмүрүнө болгон коркунучтардын алды алынып, материалдык чыгымдар заят, деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары Пушкин көчөсүндө эки кабаттуу төрт көп батирлүү турак үйдү, бир балдар бакчасы, Республикалык психиатриялык оорукананын (РПО) №7-8-бөлүмдөрү жана жашоочулардын бак-дарак, короо-жайлары ар кандай кырсыктардан сакталып калмак.

ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысы, лейтенант Нурканбек Медетбековдун билдиргенине караганда, кечээ, 2-апрель күнү аталган участкадагы Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев баш болгон тиешелүү жетекчилер болушуп, иштин жүрүшү менен жеринен таанышып, жүргүзүлүп жаткан ишке ыраазы экендиктерин билдиришти.

Учурда аталган объектиде 5 даана ХОВО, бир жүктөгүч жана бир экскаватор техникалары күнү-түнү иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×