Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 01.04.2014 12:13

Шашылыш эскертүү: Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолуна кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындарга жана абанын температурасына байланыштуу Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Ошого байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы – премьер-министрдин №1 буйругунун аткаруу мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×