Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу 01.04.2014 10:25

Жалал-Абад облусунда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн болжолдуу саны 2100

Turmush -  Жалал-Абад облусунда Ислам багытындагы 2 диний-экстремисттик уюмдардын, башкача айтканда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн болжолдуу саны 2100гө барса, «Акромияга» мүчө болгондор 15ке жеткен.

Мындай маалымтты кечээ, 31-мартта областта диний кырдаал боюнча өткөн жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областындагы башкармалыгынын жетекчиси К.Бокаев билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

«Мындай салттык эмес диний агымдардын көбөйүп кетишине, « КР Дин эркиндиги жана диний уюмдар» жөнүндөгү мыйзамда бардык уюмдарга каттоодон өтүү ишин жеңилдетип койгондугу жана салттык эмес диний агымдарга тыюу салуу жолдору толук көрсөтүлбөгөнү себеп болууда. Ошол себептен салттык эмес диний агымдар жаштардын дин жагынан сабатсыздыгынан пайдаланып, аларга туура эмес жол көрсөтүп, адаштырып өздөрүнүн катарын толуктоого аракет кылып жатышат», - деди К.Бокаев.

Ошондой эле, ал Христиан багытында 7 салттык эмес катталган агымдар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×