Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу 27.03.2014 18:00

Жалал-Абадда жарандын аты-жөнүн өзгөртүү үчүн тиешелүү кызматтарга 200-300 доллар акча жумшалат, - Облпрокуратура

Turmush -  Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бүгүн, 27-мартта өткөн координациялык кеңешинде облустук прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Бакытбек Бекеев, эл ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, автоунаа айдоого күбөлүгү жок айдоочулар аны алуу үчүн ашыкча төлөм каражаттарын жумшай тургандыктарын билдирди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, анын жасаган баяндамасына ылайык, айдоочунун күбөлүгүн алуу «валютчик» деп аталган ортомчулардын кызматтарын кошкондо 5500-7000 сомго барабар болот.

Ал эми жарандык абалдын актыларын каттоо кызматында жарандын аты-жөнүн өзгөртүү үчүн 200-300 доллар акча жумшалат. Ал эми депортация болуп келгендерди каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу жумуштарына ортомчуга 3500-7000 сом акча берилет же жалпы жарандык паспорт алууга, аны бүтүрүүгө тиешелүү адамдардын кызмат акыларын кошкондо, 20 миң-40 миң сомго чейин акча жумшалат, дейт Б.Бекеев.

Ал кошумчалагандай, жер жана жерге жайгаштыруу маселесинде 6-7 сотых жерди документтештирүү үчүн 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин каражат жумшалат.

Координациялык кеңешмеде бул тармактардагы коррупцияны жоюунун жол-жоболору да талкууга алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×