Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 28.01.2014 10:33

Чаткал районунда тынымсыз жааган кардын кесепетинен кар көчкүнүн жүрүп кетүү коркунучу пайда болду

Turmush -  Жалал-Абад облусуyey Токтогул районунда кечээ, 27-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөн жок, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Артиллериялык эсеп Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында түнөп калышты. Аба ырайынын шартына жараша андан ары кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн жетекчиликтин чечимин күтүп турушат.

Чаткал районунда тынымсыз жааган кардын кесепетинен кар көчкүнүн жүрүп кетүү коркунучу пайда болгондуктан, 2014-жылдын 27-январынан тартып райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин № 01-30/1-11 буйругунун негизинде Красная-Горька-Ак-Таш жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолдору убактылуу жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×