Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 27.03.2014 13:27

Кочкор-Атада транспорттук жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн инспектору айдоочулук күбөлүктү жасалма түрдө 11 миң сомго бүтүрүп бергени аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад областында айдоочулук күбөлүк 11 миң сомго чейин сатылган фактылар жүз берген. Мындай маалыматты бүгүн, 27-март күнү облустук прокуратурада өткөн координациялык кеңеште областтык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Бакытбек Бекеев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, айдоочулук күбөлүктөр ортомчулар аркылуу сатылган фактылар катталууда.

«Мисалы, Кочкор-Ата шаарчасында жайгашкан транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн инспектору Айтибай Исаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан №108 кесиптик лицейинин директорунун орун басары Орозалы Бапанов менен биргеликте сүйлөшүп алып, Ноокен районунун тургуну Аслан Мейманкуловго айдоочулук курсун бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүктү жасалма түрдө, 11 миң сомго жасап беришкен», - дейт белгилейт Б.Бекеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×