Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.03.2014 09:38

Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунда кечээ 21 жолу атуу жүргүзүлүп, 55 миң метр куб кар көчкү түштү

Turmush -  Токтогул районунда ӨКМдин ыкчам тобу жана Кой-Таш шаарчасынан келген артиллериялык эсеп кечээ, 19-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында саат 17:20дан саат 18:10гө чейин 10 жолу атуу жүргүзүп, 18 миң метр куб кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен жок.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдаганлдай, ошондой эле саат 19:00дөн саат 19:30га чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында 11 жолу атуу жүргүзүп, 36 миң м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен жок.

Артиллериялык эсеп жана ӨКМдин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында түнөп калышты. Кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иштери бүгүн, 20-мартта да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×