Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.03.2014 17:10

Базар-Коргон районунда сел болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, - ӨКМ министринин орун басары Н.Абдылдаев

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл округуна караштуу Сейитказы айылында сел жүрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул тууралуу ӨКМ министринин орун басары Нурдин Абдылдаев кечээ, 18-мартта Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Сел өткөрүүчү каналдын курулушун көргөн Н.Абдылдаев «өткөн жылы бул участкада 12 жолу сел болгон, быйыл да андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан куруучулар күндөп-түндөп иштөөгө тийиш. Ал эми каржы боюнча эч кандай маселе болуусу мүмкүн эмес», - деди.

Жергиликтүү бийлик жетекчилери жана калк министрдин орун басарынын чечкиндүү аракеттерди көрүү боюнча коюп жаткан маселелерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Тема боюнча: Базар-Коргон районундагы бир катар айылдарды аралап өтүүчү сел каналдарын бетондоо иштери башталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×