Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу 18.03.2014 15:27

Жалал-Абадда диндик-экстремисттик маанайдагы окууну үгүттөп жаткан жеринен 10 атуул кармалган

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 12-март күнү диндик-экстремисттик маанайдагы окууну үгүттөп жаткан жеринен 10 атуул кармалган. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка таянсак, кылмыш саат 16:00дөр чамаларында Аксы районундагы Кербен шаарынын Тынчтык көчөсүндөгү № 36 үйдүн 1967-жылы туулган Турдалиева Розанын, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну 1975-жылы туулган К.Мамбетов, жубайы А.Мамбетова жана Кербен шаарынын Ленин көчөсүнүн № 101 үйүнүн тургуну, 1978-жылы туулган С.Ашимов экстремисттик маанайдагы окууга үгүттөп жаткан жеринен кармалышып, 200 даана китептер, 300 даана журналдар алынган.

Ал эми 13-март күнү саат 10:00дөр чамаларында Базар-Коргон районунун тургуну, 1987-жылы туулган А.Парпиевдин үйүнө тинтүү жүргүзгөндө «Хизбут-Тахрир» диндик экстремистик маанайдагы 13 даана китептер, 8 даана баракчалар, 7 даана компакт дисктер, 8 даана дептерлер алынды.

Азыркы убакта бул алынган далил буюмдар экспертизага жиберилип, кармалган жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×