Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу 18.03.2014 15:20

Жалал-Абадда 2 ай ичинде диндик экстремизм жана терроризм боюнча 19 кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2014-жылдын 2 айы ичинде диндик-экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү багытында облустун аймагында диндик кастыкты күзөтүү багытында 19 фактысы аныкталган. Бул туурасында Жалал-Абад облусттук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алардын ичинен 14 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 4 факты боюнча кылмыш иши козгоодон баш тартылып, 1 факты боюнча топтолгон материал теологиялык экспертизага жөнөтүлгөн.

Жогорудагы белгиленгендей, «Хизбут-Тахрир» диндик экстремисттик агымдардын максаттарын таркатуучу 732 даана буюм далилдери алынган. Анда 80 даана китептер, 54 даана атайын баракчалар, 2 флешка, 13 даана дептерлер, 76 даана компакт дисктер, 1 даана блокнот, 4 даана журналдар, 1 даана ноутбук компьютери, 1 даана мобилдик телефон алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×