Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу 17.03.2014 16:37

Жалал-Абадда акыркы эки айда 13 жол кырсыгы катталып, 22 адам ооруканага түшкөн

Turmush -  Жалал-Абад облусунда өткөн жылдын 12 ай ичинде 733 жол транспорт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 22,3%га (599-733), денелеринен жарат алгандар 1219, 29,6%га (940-1219) көп катталган. Анын ичинен 204 адам каза болуп, 0,4%га (205-204) аз катталган.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, жаш өспүрүмдөр арасында 193 жол транспорт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 37,8%ды түзгөн (153-209), жарат алгандардын саны 209 болуп, ооруканага кайрылып жаш өспүрүмдөр 36,6%га (153-209) көп катталган. Ал эми 22 жаш өспүрүм каза болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,3%га (205-204) аз катталган.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун аймагында ушул жылдын 2 ай ичинде 13 жол-транспорттук кырсыктар катталып, 22 адам денелеринен жаракат алып, ооруканага түшүшкөн. Бул көрсөткүч өткөн 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол-транспорт кырсыктары 85,7%га (7ден 13кө), анын ичинен денелеринен жаракат алгандар 175%га (8ден 22ге) көп катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×