Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу 17.03.2014 16:27

Жалал-Абадда жол эрежелерин бузууларгө бөгөт коюу максатында «Крутой» рейди өткөрүлүп, издөөдө жүргөн унаалар аныкталды (фото)

Turmush -  Жол эрежелерин бузууларгө бөгөт коюу максатында Базар-Коргон районунун аймагында ушул жылдын 11-13-март күндөрү «Крутой» аталыштагы профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара өткөрүү боюнча Жалал-Абад ОИИБнын ЖКК бөлүмүнүн аппаратынын кызматкерлери, Базар-Коргон РИИБнын ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте атайын рейд жүргүзүлүп, мобилдик топтор түзүлүп, күзөт посттору уюштурулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында профилактикалык рейд өткөрүү учурунда, мамлекеттик белгиси жок, унаалардын маңдайкы жана алдынкы эшиктеринин каптал айнектерине күңүрттөөчү жапкычтар чапталган, айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү документтери жок, автоунааны мас абалда башкарып жүргөн фактыларды аныктоого багытталган.

Рейд учурунда ошондой эле, мамлекеттик кызматтык автоунааларды туура эмес колдонуп жүргөн, ок атуучу куралдарды ташып жаткан автоунааларды жана издөөдө жүргөн унаалар аныкталган.

unnamed

жоииб

жалал-оииб

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×