Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу 17.03.2014 13:39

Эки айдын ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулук боюнча 53 кылмыш катталды

Turmush -  Мал уурулук кылмыштары боюнча үстүбүздөгү жылдын 2 ай ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 53 кылмыш катталып, 37 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу 59,7%ды түздү.

Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы маалымдагандай, өткөн жылы 12 ай ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 190 мал уурулук катталып, 164 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 158и тергелип, 128 кылмыштын бети ачылган жана кылмыштын бетин ачуу 81%ды түздү.

Ал эми келтирилген зыян 12 миң 354 миң 500 сомду түзүп, анын 5 миң 945 сомдук материалдык зыяны же 48,1%ы ээлерине өндүрүлүп берилген. Ал эми кошуна өлкөлөргө уурдалып кирип кеткен малдар өндүрүлбөй калууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×