Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.03.2014 13:26

Сузак районунда мал уурдаган жаран кармалып, мал ээсине кайтарылып берилди

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 14-мартынан 15-мартка караган түнү белгисиз уурулар Сузак районунун Көк-Арт айыл округуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну, 1979-жылы туулган Н.Тилекматовдун үйүнүн сарайынан 1 баш уюн уурдап кетишкен.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул боюнча Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери менен биргеликте ыкчам жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында ушул эле Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну, 1990-жылы туулганР.Жумабек уулу кармалып, уурдалган уй ээсине кайтарылып берилди.

Азыркы убакта мал уурдаган Жумабек уулу Р. үстүнөн Кылмыш жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, мал уурдаган жаран Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тема боюнча: Жалал-Абадда такталбаган чек ара меселеси милиция кызматкерлеринин мал уурулук боюнча кылмыштардын бетин ачууга бир топ көйгөй жаратууда, - ОИИБ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×