Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 17.03.2014 09:57

Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолу жана Торкент–Толук унаа жолу кардан толук тазаланып, ачылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кечээ, 16-март күнү саат 16:00дөр чамасында Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолунун 7-чакырымында көлөмү болжол менен 500 м³ кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, унаа жолду кар көчкүдөн тазалоого ЖЭМ-27 тарабынан 1 бульдозер тартылып, саат 18:30да унаа жолу толугу менен тазаланып ачылды.

Ошондой эле, Токтогул районунда кечээ саат 15:30дар чамасында Торкент–Толук унаа жолунун 26-чакырымында көлөмү болжол менен 4440 м³ кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Унаа жолду кар көчкүдөн тазалоого ЖЭМ-23 тарабынан 2 бульдозер тартылып, саат 22:00дө унаа жолу толугу менен тазаланып ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×