Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.03.2014 09:36

Токтогул районундагы Ош-Бишкек унаа жолунда 15 жолу атуу жүргүзүлүп, 9 миң метр куб кар көчкү түштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районундаӨКМдин ыкчам тобу жана Кой-Таш шаарчасынан келген артиллериялык эсеп кечээ, 13-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун айрым чакырымдарында кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чараларын жүргүздү.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган унаа жолдун 231-чакырымында саат 10:20дан саат 10:45ге чейин 6 жолу атуу жүргүзүп, 7000 м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.

Ал эми саат 11:35тен саат 12:10го чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 226-чакырымында 9 жолу атуу жүргүзүп, 2000 м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткенжок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×