Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.03.2014 16:35

Жалал-Абад облсунда каракчылар тобу кармалды

Turmush -  Кечээ, 12-мартта Базар-Коргон районунда каракчылык кылмышы катталып, Жалал-Абад ОИИБнын, Базар-Коргон РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалып, Жалал-Абад шаарынан күзөт постунан кылмышкерлердин автоунаасы токтотулуп, далил заттар алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 12-мартынан 13-мартына караган түнү болжол менен түнкү саат 02:30дар чамаларында Базар-Коргон айылынын А.Насыров көчөсүнүн №28 үйүнүн тургуну, 1971-жылы туулган Кочкорова Марвархандын үйүнө беткап кийишкен адамдар киришип, үйдүн ээси Кочкорова Марварханды, кызы 1996-жылы туулган Атажанова Огулайды жана кичүү кызы Кочкорова Мухлисанын ооздорун, колу-буттарын скочтоп, колдорундагы ок атуучу курал менен коркутушуп, үйдүн ичинде жайгашкан темир сейфтин ичинен 385 миң рубль акчасын, 400 миң сомун, 300 АКШ долларын жана 200 миң сомдук алтын буюмдарын жана уюлдук телефондорун тартып алышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен.

Натыйжада жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, Базар-Коргон РИИБи тарабынан катталып, Кылмыш кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмү (каракчылык), 299-беренесинин 1-бөлүмү жана 246-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары, 1987-жылы туулган А.Парпиев, мурун сот жообуна тартылган, 1986-жылы туулган А.Абдуллаев, 1988жылы туулган Ф.Шакиров кармалып, үйлөрүн тинтүү жүргүзгөндө 600 гр «марихуана» баңгизаттары жана «Хизбут-Тахрир» уюмуна тиешелүү диний-экстремисттик маанайдагы 8 даана компакт диск, 8 даана баракчалар жана 7 даана китептер табылып алынды.

Бул кылмышкерлер Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынып, соттук- экспертизалар дайындалып, учурда алдын ала тергөө иштери жана иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×