Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.03.2014 10:15

Токтогул районундагы Ош-Бишкек унаа жолунун бир канча жеринде кооптуу кар көчкүлөр түшүрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна ӨКМдин ыкчам тобу жана Кой-Таш шаарчасынан келген артиллериялык эсеп кечээ, 12-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында саат 10:25тен саат 11:30га чейин 13 жолу атуу жүргүзүп, 13 миң метр кубкар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен жок.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, ошондой эле эле, саат 12:25тен саат 12:55ке чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында 7 жолу атуу жүргүзүп, 9 миң метр куб кар көчкүсү түштү, саат 13:25тен саат 13:40ка чейин 249-чакырымында 4 жолу атуу жүргүзүп, 20 миң метр куб кар көчкүсү түштү.

Саат 15:15тен саат 16:25ке чейин аталган унаа жолдун 246-чакырымында 15 жолу атуу жүргүзүп, 28 миң метр куб кар көчкүсү түштү, саат 17:20дан саат 17:50гө чейин 255-чакырымында 6 жолу атуу жүргүзүп, 17 миң метр куб кар көчкүсү түштү жана бир дагы кар көчкү унаа жолго жеткен жок.

Артиллериялык эсеп жана КР ӨКМнин ыкчам тобу, Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында түнөп калышты. Кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иштери бүгүн, 13-мартта да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×