Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 10.03.2014 10:48

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кечээ, 9-март күнү саат 09:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында (Шаркыратма участогу) көлөмү болжол менен 2295 м³ болгон кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уунаа жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн ЖЭМ-23төн 2 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, саат 11:30да жол каттамы толук тазаланып ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×