Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.03.2014 10:55

Жалал-Абад шаарында «Калашников» автоматын октору менен жанында алып жүргөн жаран кармалып, кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кечээ, 6-март күнү саат 14:40дар чамасында АКС-5,45 автомат «Калашников» үлгүсүндөгү, 1979-жылы чыгарылган № 373726 сандуу 1 даана ок атуучу курал, 1 даана ок атуучу куралдын магазини, 14 дана 5,45 калибрдеги автоматтын октору табылып, калыстардын катышуусу менен алынды.

Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, Кылмышты иликтөө бөлүмүнүн изкубар кызматкерлеринин бир канча күн жүргүзүшкөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсү менен Кооператив көчөсүнүн кесилишинде Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1992-жылы туулган А. уулу Ж. токтотулуп текшерилген учурда жанында көтөрүп жүргөн ак түстөгү каптын ичинен табылган.

Аталган маалымат боюнча, Жалал-Абад ШИИБнин тергөө-оперативдик тобу чыгып, окуя болгон жерге жана ок атуучу куралга, магазин менен окторго кароо жүргүзүшүп, алышты.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан Кылмыш кодексине 241-беренесинин 1-бөлүмү (ок атуучу куралды жана ок дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо) менен кылмыш иши козголуп, алынган куралдарга соттук-баллистикалык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалып, азыркы убакта алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Куралды көтөрүп жүргөн ойрон азыркы убакта Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, дагы иликтөө иштери улантылууда.

rjk

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×