Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.03.2014 13:12

Аксы районунда катталган табигый кырсыктардын жалпы чыгымдары 11 млн сомду түздү

Turmush -  Аксы районунун аймагында өткөн жылы табигый жана техногендик мүнөздөгү катталган кырсыктардан жалпы келтирилген материалдык чыгымдар болжол менен 11 млн 056 миң 669 сомду түзгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондо 7 өзгөчө кырдаал катталган, анын ичинен 6 сел жүрүү, 1 тик учактын авариясы (Ан-2 самолету саранчаларга дары себүү учурунда электр линиясына тийген аварияга кабылып, өткөн жылы 5-апрелде 3 адам каза тапкан) болгон.

«2014-жылга Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу (СПЛМ) иш-чараларына 10 объект киргизилсе, капиталдык курулуш иш-чарасына Аксы району боюнча 1 объект киргизилди. Ошондой эле буга чейин курулушу башталган Кош-Дөбө айыл аймагынын Улук айылындагы сел өткөрүүчү курулмасын куруу иштери улантылат. Анын сметалык наркы: 7544,8 миң сом», - деп айтылат билдүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×