Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.03.2014 12:03

Аксы районунда кооптуу жайларда жашаган 698 үй-бүлөнүн 460 үй-бүлөсү көчүрүлдү, - ӨКМ

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурдин Абдылдаев жетектеген министрликтин жетекчилиги 4-5-март күндөрү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна иш сапары менен барып, жаз-жай айларында болуп кетүүчү кооптуу аймактарды жеринен көрүштү.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапар учурунда Аксы району боюнча кооптуу деп аталган жайларда жашагандардын жалпы cаны 698 үй-бүлө, анын ичинен коопсуз жайларга көчүрүлгөнү 460 үй-бүлө. Ал эми кооптуу жайлардан көчүп чыга электердин жалпы саны 238 үй-бүлө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×